Украинадагы азербайжан мунай базасына сокку жасалды
Орусия Украинадагы азербайжан мунай компаниясы SOCAR`дын базасына сокку урду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, 18-август түнү Одессада "шахед" дрондору менен массалык сокку жасалып, ири өрт чыккан. Өрт "Новая почта" филиалына жана SOCAR`дын терминалдарына тарап кеткен. Minval агенттиги билдиргендей, Орусиянын соккусунан SOCARдын 17 резервуары толугу менен талкаланып, насос станциясынын имараты, оператордук жана техникалык бөлмөлөр бузулган. Бул мунай базасынын сактоо көлөмү 16 миң кубометрден ашат.
Азырынча зыяндын өлчөмү такталууда, экспертиза жүргүзүлүп, тез арада калыбына келтирүү иштери башталды.
Эске салсак, бул SOCAR мунай базасына экинчи сокку болуп саналат. Мисалы, 8-августта ошол эле базага Орусиянын 10 учкучсуз учактары (БПЛА) сокку урган жана бир бөлүгү талкаланып кеткен.
10-августта Украина президенти Владимир Зеленский Азербайжан лидери Ильхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Орусиянын авиаударларын кескин сынга алган. Бул соккулар SOCAR базасына жана Украинадагы азербайжан газын ташуучу компрессордук станцияга багытталган.
Андан соң Ильхам Алиев Украинага гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн 2 миллион доллар бөлүү жөнүндө буйрук чыгарган.

