Өлкөдө жүгөрү, бадыраң экспорту өнүгүүдө
Кыргызстандын агрардык секторунда жаңы багыттар өнүгүп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкектеги "Нуристан" компаниясы жашылча жана бадыраң башкактарын (майда бадыраңдар, негизинен туздоо үчүн колдонулат) кайра иштетүү менен ийгиликтүү иш жүргүзүүдө. Компаниянын негизги өндүрүмдөрү:
- вакуумдук таңгактагы бышырылган жүгөрү (жүгөрүнүн башы);
- тоңдурулган жүгөрү;
- вакуумдук таңгактагы туздалган бадыраңдар (чоң жыгач же пластик бочкаларда туздалып сакталган бадыраң).
Ишкана күн сайын 5 тоннага чейин жүгөрү сатып алып, аны кайра иштетет. Бул аркылуу жергиликтүү дыйкандарга жаңы мүмкүнчүлүк түзүлүп, алардын кирешеси көбөйүүдө.
Учурда продукциялар Орусияга экспорттолуп, өзгөчө бышырылган жана тоңдурулган жүгөрүгө суроо-талап жогору. Бул Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын дүйнөгө таанытууга жол ачууда.
18.08.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-18

16:27
2025-08-18
11:26
2025-08-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.