Садыр Жапаров Путин менен Аляскада өткөн саммитти телефондо талкуулады
Бүгүн, 18-августта өлкө башчы Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчысынын администрациясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, тараптар Путиндин АКШнын лидери Дональд Трамп менен Аляскада өткөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча пикир алмашышкан. Садыр Жапаров орусиялык-америкалык саммит ишенимди бекемдөөгө жана глобалдык чыңалууну басаңдатууга карай маанилүү кадам болгонун белгилеген.
Өлкө башчы ошондой эле кыргыз тарап Москва менен Вашингтондун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жетишилген деңгээли украиналык кризисти тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн кошумча шарттарды түзөрүнө ишенээрин билдирген.
"Кыргызстан Евразиянын борборунда жайгашкан жана аймактык интеграциялык бирикмелердин ишине жигердүү катышкан өлкө катары аймактагы туруктуулукту чыңдоого өзгөчө маани берет жана Орусия менен туруктуу өнүгүү максатында кызматташууга даярдыгын ырастайт", - деген Садыр Жапаров.
Соңунда тараптар эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маанилүү маселелер боюнча пикир алмашууну мындан ары да улантуунун маанилүүлүгүнө токтолушкан.
Белгилей кетсек, 16-августта Аляскада Трамп менен Путин жолугушкан. Анда лидерлер Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу маселесин талкуулашкан.

