Пашинян Карабак маселесинин жабылышы Азербайжан менен тынчтык орнотууга мүмкүндүк бергенин айтты
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Карабак маселесинин жабылышы гана Азербайжан менен жетишилген тынчтыкка жол ачканын айтты.
"Эл Карабак маселесин жапмайынча тынчтык орнотуу мүмкүн эмес экенин мага окшоп түшүндү. Карабак маселесин жөн эле айрым күчтөр биздин эгемендүүлүгүбүздү, көз карандысыздыгыбызды, мамлекеттүүлүгүбүздү орнотууга, ошондой эле өнүгүүгө тоскоолдук кылуунун куралы катары колдонушту", - деп келтиришет анын сөздөрүн чет элдик басылмалар.
Ал Карабактан өз ыктыяры менен чыгып кеткен армяндар маселесине да токтолгон.
"Мекендештерибизге келсек, мен бир нече жолу ачык айткам, алардын кайтышы мүмкүн деген ойду мен реалдуу деп эсептебейм. Жалпысынан алганда, бул Армения менен Азербайжандын ортосунда түзүлгөн тынчтыкка гана зыян келтире турган тема. Аны кайра көтөрүү аракеттери жер которгондордун өздөрүнө эч нерсе бербейт жана мамлекеттердин ортосундагы чыңалууну гана жаратат", - деп белгилеген.

