Кытайда капысынан түшкөн тоо селинен 10 турист каза болду
Кытайдын түндүгүндөгү Ички Монголия автоном районуна караштуу кемпинг жайгашкан аймакта капысынан түшкөн тоо селинен каза болгондордун саны 10 адамга жетти.
Чет элдик ЖМКлардын маалыматы боюнча, дагы эки адам дайынсыз болууда.
Баян-Нур шаарынын өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы билдиргендей, табигый кырсык 16-август күнү саат 22:00 чамасында Урад-Хоуци дарыясынын жогору жагында болгон. Жапайы жаратылышта чатыр тигип эс алып жаткан 13 турист (сегиз эркек жана беш аял) менен байланыш үзүлгөн.
17-август күнү саат 15:30га карата бир адам куткарылды. Окуя болгон жерге 700дөн ашуун куткаруучу тартылып, издөө-куткаруу иштери жүрүүдө.
Кытайдын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дайынсыз жоголгондорду табуу үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоо талабын коюп, атайын жумушчу топ жөнөттү.
