super.kg logo

Трамп Украина маселеси боюнча Зеленский жана Европа лидерлери менен жолугушуу өткөрдү. Эмне кеп?

 

Бүгүн, 19-августка караган түнү Вашингтондо АКШ жана Украина президенттери Дональд Трамп менен Владимир Зеленскийдин сүйлөшүүлөрү өттү. Негизги тема - Украина кризисин жөнгө салуу боюнча тынчтык планы болду. Дональд Трамп бул жолугушууну "өтө ийгиликтүү" деп атады.

Зеленский Орусия менен аймактарды алмашуу маселесин талкуулоого даяр экенин билдирди, ал эми Батыш өлкөлөрү Украинага ишенимдүү коопсуздук кепилдиктерин берүүнү убада кылышты. Бул келишимдер эмне менен аяктайт жана согуштун бүтүшү канчалык жакын талдоо жүргүзөлү.

Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусу кандай өттү?

Владимир Зеленский Бишкек убактысы боюнча болжол менен саат 23:10до сүйлөшүүлөргө келди. Дональд Трамп аны Ак үйдүн тепкичинде өзү тосуп алды. Ошол эле учурда резиденцияга төмөнкү европалык лидерлер да келишти:

  • Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен;
  • НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте;
  • Франция президенти Эммануэль Макрон;
  • Германия канцлери Фридрих Мерц;
  • Финляндия президенти Александр Стубб;
  • Италия премьер-министри Жоржия Мелони;
  • Улуу Британия премьер-министри Кир Стармер.

Жеке сүйлөшүүгө чейин Дональд Трамп куралдуу жаңжалды токтотууга мүмкүнчүлүк бар экенин айтып, Евробиримдиктин позициясына карабастан Орусия президенти Владимир Путин да кырдаалды токтотууга кызыкдар экенин белгиледи.

"Бул согуш качан бүтөт, билбейм. Бирок бул согуш сөзсүз бүтөт. Биз бул согушту токтотууга жетишебиз. Ок атууну токтотуу жаман болмок эмес, анткени адамдар өлбөй калат, бирок азыр биз узак мөөнөттүү тынчтык боюнча иштеп жатабыз. Мен украин элин жакшы көрөм. Мен баарын жакшы көрөм. Орустарды да. Мен бул согуштун бүткөнүн каалайм",- деди Трамп.

Андан кийин Трамп менен Зеленский Сүйрү кабинетке өтүп, жабык сүйлөшүү жүргүзүштү. Ал сүйлөшүү болжол менен бир саатка созулуп, андан соң тараптар кеңейтилген форматтагы жолугушууга өтүштү. Бул бөлүккө Европа биримдиги менен НАТОнун өкүлдөрү да катышты.

Трамп менен Зеленский сүйлөшүүдө эмне жөнүндө макулдашты?

Кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрдүн ачык бөлүгүндө тараптар бир катар маанилүү билдирүүлөрдү жасап, эң курч маселелер боюнча алдыга жылууга жетишкенин көрсөтүштү.

Дональд Трамп төмөнкүлөрдү билдирди:

  • Зеленский менен сүйлөшүүлөрдү ийгиликтүү деп атады;
  • Европа жана АКШ Украинага максималдуу коопсуздукту камсыздап берүүгө даяр экенин айтты;
  • АКШ Путин жана Зеленский катышкан саммитти жакын арада уюштурууга аракет кыларын билдирди;
  • Бул саммитке өзү катышууга даяр экенин белгиледи;
  • Украина аймактарды алмашуу маселесин талкуулоого макул болгонун жарыя кылды;
  • Путинге Аляскадагы жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, Орусия тынчтыкка карай маанилүү кадам жасаганын белгиледи.

"Менимче, биз жемиштүү жолугушуу өткөрөбүз, жакшы жолугушуу. Балким, эң жакшысы болот. Андан кийин үч тараптуу келишимге жетишүүгө аракет кылабыз жана бул жаңжалды токтотууга жетишебиз",- деди Трамп.

Украина президенти Владимир Зеленский негизинен Трамптын сөздөрүнө макулдугун билдирди. Ал Батыш өлкөлөрүнөн Украинага коопсуздук кепилдиктери боюнча конструктивдүү позиция күтүп жатканын айтты, бирок деталдарды тактаган жок.

"Мен бардык маселелер боюнча, анын ичинде аймактык маселелерде да чечим табабыз деп үмүттөнөм",- деп билдирди Владимир Зеленский.

Украинанын позициясы тууралуу эмне белгилүү?

Сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин британдык Financial Times басылмасы Владимир Зеленский, Дональд Трамп жана европалык лидерлердин жолугушуусуна байланыштуу купуя документтерди жарыялады.

Бул материалдарга ылайык, украин бийлиги төмөнкү позицияны карманууда:

  • Орусияга аймактык жеңилдик берүүгө даяр эмес жана тынчтык келишиминин шарттары катары ок атышууну токтотууну талап кылууда;
  • Трамп менен Аляскадагы жолугушууда Путин сунуштаган фронтту учурдагы абалда калтыруу жана Украин куралдуу күчтөрүнүн Донбастан чыгуу шартына каршы;
  • Донбасга "плацдарм" түзүлсө, Орусиянын аскери Днепр багытына тез жылып кетишинен коркушат;
  • Орусиядан компенсация талап кылууда, келтирилген зыян Батышта тоңдурулган 300 миллиард долларлык орус активдеринен төлөнүшү мүмкүн;
  • АКШдан 100 миллиард долларга америкалык курал сатып алууга даяр, эгер Европа бул келишимге финансылык колдоо көрсөтсө. Бул АКШнын коопсуздук кепилдиктери боюнча келишимдин алкагында жүргүзүлөт;
  • Ошондой эле украин компаниялардын дрон чыгаруу долбоору боюнча АКШ менен 50 миллиард долларлык келишим түзүүгө даяр.

Европалык лидерлер сүйлөшүүлөрдө кандай позицияны кармашты?

Дональд Трамптын оптимисттик билдирүүлөрүнө карабастан, европалык лидерлер жолугушуунун жыйынтыгын этияттык менен кабыл алышты.

Атайын жабык сүйлөшүүлөр башталаар алдында, Франция президенти Эммануэль Макрон жана Германия канцлери Фридрих Мерц төмөнкүлөрдү билдиришти:

  • Алар үч тараптуу жолугушууга чейин ок атышууну токтотуу келишими түзүлүшү керек деп эсептешет;
  • Бул үчүн Орусияга кысым көрсөтүү зарыл экенин айтышты.

"Чынын айтканда, биз баарыбыз ок атышуунун токтотулушун көргүбүз келет. Эгер бул болбосо, кийинки жолугушуу кандай өтөрүн элестете албайм. Бул үчүн Орусияга басым жасоо керек",- деди Германия канцлери Фридрих Мерц.

Мындан тышкары, бардык европалык лидерлер Украинага коопсуздук кепилдиктери боюнча маселени тереңирээк иштеп чыгуу зарылдыгын белгилешти.

Алар бул теманы АКШ - Орусия - Украина - Европа Биримдиги катышкан төрт тараптуу саммитте талкуулоону сунушташты. Башында пландалган үч тараптуу форматты алар жетишсиз деп эсептешүүдө.

"Менимче, мындан ары төрт тараптуу жолугушуу өткөрүү зарыл болот. Анткени биз коопсуздук кепилдиктери жөнүндө сүйлөшүп жатсак, бул - бүтүндөй Европа континентинин коопсуздугу жөнүндө кеп",- деди Франциянын лидери Эммануэль Макрон.

Эмне үчүн сүйлөшүүлөрдө "финляндизация" жөнүндө сөз болду?

Сүйлөшүү маалында Финляндиянын президенти Александр Стубб кызык бир салыштырууну келтирди: ал мүмкүн болчу Украина - Орусия келишимин 1944-жылы Финляндия менен СССРдин ортосунда түзүлгөн москвалык тынчтык келишими менен салыштырды.

Бул келишимдин жыйынтыгында тарыхта белгилүү болгон түшүнүк пайда болгон - "финляндизация".

"Финляндизация" деген эмне?

Бул - Финляндия өз эгемендүүлүгүн сактап калган, бирок ошол эле учурда СССРдин коопсуздугуна коркунуч туудура турган ички жана тышкы саясаттан баш тарткан кырдаалды билдирет.

  • суверендүү бойдон калган;
  • бирок нейтралдуу саясат кармаган;
  • СССР менен тирешүүгө жол бербеген;
  • жана бир катар аймактардан баш тарткан (мисалы: Выборг, Карельский тилкеси, Петсамо жана башка).

Эмне үчүн бул Украинага салыштырылды?

"Биз 1944-жылы чечим тапканбыз, жана менимче, 2025-жылы да чечим таба алабыз",- деди Финляндия президенти Александр Стубб.

Бул билдирүү аркылуу ал, балким, Украина өзүнүн көз карандысыздыгын сактап, ошол эле учурда Орусиянын коопсуздугуна карата нейтралдуу позицияны карманган өлкөгө айланса болобу деген идеяны кыйытты. Бул позиция Европада айрым саясатчылар Украина үчүн "нейтралдуу статус" НАТОго кошулбоо, чабуул жасабоо, жана башка вариант катары каралышы мүмкүн экенин көрсөтөт. Бирок бул идея Украинада жана Батышта кызуу талкууга алынышы мүмкүн, анткени ал территориялык жоготуулар жана саясий эркиндикти чектөө дегенди туюндурат.

Рубио Украина үчүн коопсуздук кепилдиктерин иштеп чыгуу тобун жетектейт

АКШ президенти Дональд Трамп жана европалык лидерлер АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Украина үчүн коопсуздук кепилдиктерин иштеп чыгуу боюнча НАТО жана коопсуздук кеңешчилеринен турган атайын топту жетектемей болду.

"Трамп жана европалык лидерлер улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилер менен НАТО өкүлдөрүнөн турган топту түзүп, анын жетекчилигине Рубиону дайындашкан",- деп жазат чет элдик ЖМКлар.

Европалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, Украина үчүн коопсуздук кепилдиктери төмөнкү төрт негизги компонентти камтышы мүмкүн:

  • Аскердик күчтөрдүн туруктуу катышуусу;
  • Абадан коргонуу системаларын камсыздоо;
  • Курал-жарак менен камсыздоо;
  • Согушту токтотууну көзөмөлдөө механизмдери.

Үч тараптуу сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү...

Дональд Трамп билдирүү жасап, Орусиянын президенти Владимир Путинге телефон чалып, аны Владимир Зеленский менен жолугушууга даярдай баштаганын жазды.

АКШ президентинин айтымында, жолугушуунун кайсы жерде өтөрү кийинчерээк аныкталат. Бул арада Европа төрт тараптуу сүйлөшүү шартын коюуда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: