Чолпон-Атада 24 жаштагы жигит ур-токмоктон каза тапты. Азырынча эмнелер белгилүү? (видео)
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында үрөй учурган окуя катталды. Анда "Ала-Тоо" пансионатында ур-токмокко алынган 24 жаштагы Алтынбек атту жигит каза болду.
Бийликке кайрылуунун жыйынтыгы болобу?
Кырчын мезгилинде бул дүйнө менен кош айтышкан жигиттин кан жутуп отурган жакындары милиция кызматкерлеринин, дарыгерлердин шалаакы мамилесине нааразычылыгын билдиришип, президент Садыр Жапаровго, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге жана активисттерге кайрылуу жасашты.
"Менин инимди сактап калса болмок! Кырсык болжол менен түнкү саат 12-1лерде болгон, иним болсо таңга жуук каза болду. Ошол учурда милицияга, ооруканаларга кайрылышкан, "Тез жардам" кызматы чакыртылган. Бирок бардык тараптан шалаакы мамиле болгон. Натыйжада, Алтынбек каза болуп калды",- деди иниси.
Окуянын чоо-жайы туугандарынын айтуусунда
Туугандары кошумчалагандай, 15-августтан 16сына караган түнү эс алуу учурунда Алтынбек менен пансионаттын кызматкерлеринин ортосунда чыр чыгып, алардын бири анын башына оор нерсе менен урган. "Тез жардам" чакыртылып, дарыгерлер ага тамчылатма уколун коюшкан. Бирок дарыгерлер тамчылатма бүтө электе чыгып кетишкен жана ооруканага алып баруудан баш тартышкан. Андан кийин милиция кызматкерлери аны ооруканага алып барышып, дарыгерлер белгисиз себептер менен кабыл албай койгон. Милиция аны кайра пансионатка алып келип, ошол жерге таштап кетишкен. Түндө абалы начарлап, таңга жуук каза болгон.
Милиция эмне дейт?
Ысык-Көл райондук милициясы 15-августта катталган окуя боюнча билдирип, жабырлануучу арыз берүүдөн баш тартканын кошумчалады.
"16-август күнү түнкү саат 12лер чамасында райондук милицияга билдирүү түшкөн. Анда "Ала-Тоо" пансионатында мушташ катталганы айтылды. Ыкчам кызматы окуя болгон жерге барганда 4-5 адам отурган. Анын ичинде жабырлануучу жана анын кесиптеши болгон. Териштирүү учурунда жабырлануучу жаш балдар тарабынан сабалганын билдирип, бирок эч кимге доосу жок экендигин айтып, арыз жазуудан баш тарткан. Ошол учурда укук коргоо кызматкерлери тарабынан алган жаракатын анализдөө үчүн райондук ооруканага жеткирилди. Ал жактан медициналык жардам көрсөтүлүп, жабырлануучуну жана анын кесиптешин ооруканадан чыгарышкан. Алар Чолпон-Ата шаарын билбестигин билдиргенде кызматкерлер пансионатка жеткиришкен",- деди Ысык-Көл ОИИБинин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Улукбек Эшенов.
Окуя болгондон 8-9 саат өткөндө "103" кызматынан милицияга аталган пансионатта эс алып жаткан 2001-жылы туулган А.А. каза болгондугу маалымдалды.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, 15-августтан 16-августка караган түндө А.А. жана 1987-жылы туулган Б.А. эс алып жүргөн учурда белгисиз адамдар менен пикир келишпестик чыгып, А.А. жаракат алган. Натыйжада ал каза болгон. Окуя болгон жерден далил зат катары 1 даана жыгач таяк алынган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси негизинде кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Шектүү катары Ак-Суу районунун 2011-жылы туулган У.Т. аттуу тургуну жана Түп районунун 2008-жылы туулган А.А. жана 2006-жылы туулган Б.Ч. аттуу тургундары кармалды. Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен алар 2 айга камакка алынышты.
Тергөө амалдары уланууда.
Президенттин Иш башкармалыгынын карамагында турган "Ала-Тоо" пансионатынын жетекчилиги эмне дейт?
Аталган жайдын жетекчисинин орун басары Султан Кыдырбеков менен байланышканыбызда ошол түнү кызматкерлери окуя боюнча маалыматты жашырып койгондугун билдирди. Ошондой эле ызы-чуу түшүп массалык уруш болгонун да эч ким байкабагандыгын айтып, окуя күзөтчүлөр көрбөгөн караңгы аймакта орун алгандыгына токтолду.
"Окуя болгондон кийин жумушчулардын бири колу сынып медициналык жардам бөлүмүнө кайрылган. Алар жыгылып кеткендигин билдирип, окуяны жашырышкан. Окуя боюнча эч кимиси жетекчиликке маалымат берген эмес. Кылмышка шектелгендердин баары бизде иштебейт. 17 жаштагы бала гана музыка коюп иштечү. Калгандары ата-энелери бизде иштегендиктен кошулуп, ошол жакта жүрүшчү. Кызматчылар, күзөтчүлөр да окуя боюнча так билбей калышкан. Кырсык деген заматта болот турбайбы. Эгер мага жумушчулар түндөгү окуяны жашырбай, ошол замат так маалымат беришкенде башкача болмок беле. Мен ооруканага жаткырмакмын",- деди Кыдырбеков.
Ал кошумчалагандай, өлүм менен аяктаган каргашалуу окуя пансионатта алгачкы ирет катталууда. Күзөтчүлөргө коомдук коопсуздук боюнча, кызматкерлерге кызмат көрсөтүү боюнча тынбай окуу-машыгуулар өтүп келет.
Бул арада Саламаттык сактоо министрлиги маркумдун өлүмүнүн себептерин тактоо үчүн тиешелүү адистерден турган комиссия түзүлүп, кошумча маалымат бериле тургандыгын билдирди.
Алтынбек Абдыжапаров 2001-жылы туулган. Артында кош бойлуу келинчеги калды. Ал Мамлекеттик архив агенттигинде иштеп жаткан.
SUPER.KG порталы маркумдун ата-энесине жана жакындарына көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт.
Каза болгон жигиттин жакындары
Чолпон-Атадагы окуя боюнча милициянын жообу



1 |