Чүйдө алдамчылык фактылары боюнча шектүү кармалды
Чүйдө алдамчылык фактылары боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 7-февралда Аламүдүн РИИБиге Ш.Ж. аттуу жаран белгисиз адам ишенимине кирип, алдоо жолу менен жалпы суммасы 300 000 сомдук 15 тонна 220 килограмм арпасын алып, качып жүргөндүгүн билдирген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш ишин козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1983-жылы туулган К.У. аттуу жаран экени такталып, ошондой эле ага карата ушул сыяктуу фактылар боюнча дагы башка арыздар бар экендиги аныкталган. К.У.га карата сот тарабынан сыртынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, издөөгө алынган.
14-августта Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам илктөө иштеринин жүрүшүндө К.У. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка алдамчылык фактыларына тиешеси бар экендиги текшерилүүдө.
Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү У.К. аттуу жарандын кылмыштуу кыймыл-аракеттеринен жапа чеккен жарандарды Аламүдүн РИИБине же 0(312) 36-35-23, 0(312) 36-35-27, 0(990) 38-09-80 телефондоруна билдирүүгө чакырат.


