super.kg logo

Бишкекте пенсионерлер жана майыптыгы бар адамдар үчүн биринчи социалдык дүкөн ачылат

 
Бишкекте пенсионерлер жана майыптыгы бар адамдар үчүн биринчи "Евразия" социалдык дүкөнү ачылат.
Маалыматка ылайык, социалдык долбоор АНО "Евразия" менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн меморандумдун алкагында ишке ашырылууда.
АНО "Евразия" - эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө көмөктөшкөн автономдуу коммерциялык эмес уюм. Ал жеке каражаттардын эсебинен гуманитардык долбоорлорду ишке ашырып, салттуу баалуулуктарды сактоого жана улуттар аралык баарлашууну өнүктүрүүгө багытталган.
"Евразия" социалдык мааниси бар демилгелерди колдойт, ар түрдүү маданияттагы адамдарга баарлашууга мүмкүнчүлүк берет, билим берүү, медицина жана жаштар алмашуусу сыяктуу тармактарда долбоорлорду өнүктүрөт. Негизги багыттардын бири - окуучуларды, студенттерди жана жаш адистерди колдоо. Долбоорлордун арасында билим берүү программалары, алмашуу, ири мамлекеттик компанияларда стажировкалар, медиа-мектеп бар. "Евразия" ошондой эле мугалимдер үчүн кесиптик аянтчаларды жана форумдарды уюштурат, журналисттер менен блогерлер үчүн гранттарды сунуштайт, тарыхты жана маданиятты сактоо багытындагы долбоорлорду колдойт.
Алгачкы иш жылында "Евразия" 50 миңден ашуун катышуучуну ар кайсы өлкөлөрдөн бириктирип, евразиялык мейкиндиктеги гуманитардык кызматташуунун алдыңкы аянтчасы болуп калды.
Уюмдун камкорчулар кеңешин Орусия Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин жетектейт. Кеңештин курамына:
  • Мамлекеттик Думанын вице-спикери, "Победа 9/45" кыймылынын уюштуруу комитетинин жетекчиси Борис Чернышов;
  • Мамлекеттик Думанын Билим берүү комитетинин биринчи төрага орун басары, АНО "Евразиянын" кеңешинин төрайымы Алена Аршинова;
  • RT жана "Россия сегодня" медиа тобунун башкы редактору Маргарита Симоньян;
  • саясатчы жана меценат Илан Шор;
  • "ПСБ" банксынын төрагасы Петр Фрадков; ТАСС агенттигинин башкы директору Андрей Кондрашов кирет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: