Нетаньяхунун Аргентинага сапары алдында өлкөдөгү уюмдар ага каршы кылмыш ишин козгошту
Аргентинада адам укуктары боюнча бир катар уюмдар Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Аргентинага пландалып жаткан сапары алдында, ага каршы "Геноцид, согуштук кылмыштар жана адамзатка каршы кылмыштар" деген негизде кылмыш ишин козгошту. Бул тууралуу ал өлкөнүн маалымат булактары жазышты.
Маалым болгондой, Тынчтык жана адилет кызматтары (Serpaj), ошондой эле Аргентина адам укуктары лигасы Нетаньяхунун жогорудагы кылмыштарды жасаган деп шек саноо менен сотко кайрылган.
Соттук арызда белгиленгендей, Нетаньяхунун 7-10-сентябрь күндөрү Аргентинага жасай турган сапарында өлкөнүн президенти Жавьер Милей аталган кылмыш саясаттын өнөктөшү катары каралмакчы. Арызда Израил өкмөтү Палестина элине каршы системдүү жок кылуу саясатын жүргүзгөнү, жашоо укугун, адамдык кадыр-баркты жана элинин өз тагдырын аныктоого укугун бузганы баса белгиленген.
"Аргентина эли жана адам укуктары уюмдары массалык кылмыштардын маанисин өзү көрүп-билген. Газага кол салуудан бери миңдеген адамдар Израил күчтөрүнүн бомбалоосу менен каза болду. Бир миллиондон ашык адам жашаган жеринен кетүүгө аргасыз болду. Израил өкмөтү дары-дармек, тамак-аш жана гуманитардык жардамдын киришин токтотту. Израил блокадасы бүт Газага терс таасирин тийгизүүдө",- деп жазылат арызда.
Кылмыш ишин козгоо негизинде биринчи кезекте Нобель тынчтык сыйлыгынын ээси Адольфо Перес Эскивел жана башка адам укуктары уюмдары колдоо көрсөткөн.
