super.kg logo

Кыргызстан менен Кытай коомдук тартипти камсыздоо багытында кызматташууну күчөтүүдө

 

Кыргызстан менен Кытай коомдук тартипти камсыздоо багытында кызматташууну күчөтүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 18-август күнү өлкөгө Кытайдын Хэнань провинциясынын Коомдук коопсуздук департаментинин жетекчисинин орун басары Го Чжишэн баштаган делегация расмий иш сапары менен келди.

Иш сапардын жүрүшүндө делегация Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги менен жолугушту.

Жолугушууда эки тараптын укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташууну чыңдоо жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл коомдук тартипти камсыз кылуу, укук бузуулардын алдын алуу жана кызматкерлердин кесиптик даярдыгын жогорулатуу боюнча өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүнө бурулду.

Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар мындан ары да өз ара урматтоо жана ишеним негизинде натыйжалуу байланышты улантууга жана өнөктөштүк мамилени бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: