super.kg logo

Чаткалда Эсеп палатасынын инспектору кызмат адамдарынан опузалап акча талап кылгандыгы айтылды

 

Пара талап кылуу фактысы боюнча Эсеп палатасынын инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалым болгондой, кылмышты атайын кызматтын Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгы аныктады. Анда май айында Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнө пландык текшерүү жүргүзүп, анын жүрүшүндө аныкталган мыйзам бузууларды жаап-жашыруу үчүн опузалап акча талап кылгандыгы маалым болду. Жалпы 800 миң сом алган.

Өз кезегинде Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кызматкерлери социалдык объектти куруу боюнча өткөрүлгөн тендердин жеңүүчүсүнөн жалпы сумманын 10 пайызын алган.

Аталган факт боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Эсеп палатасынын кызматкери И.М. кармалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: