Жалал-Абадда жашы жете элек кызды уурдоого шектүү бир айга камалды
Жалал-Абад шаарында жашы жете элек кызды уурдоого шектелген жаран кармалып, бир айга камакка алынды. Бул тууралуу ИИМ бүгүн, 19-авгутта билдирди.
Ушул жылдын 15-августунда милицияга А.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ушул эле күнү саат 11:00 чамасында 2015-жылы туулган кызы өзү жашап жаткан үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.
Аталган маалымат Тергөө кызматы тарабынан катоого алынып, тергөө чейинки териштирүү иштери башталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан ошол эле күнү кечки саат 18:30 чамасында 2015-жылы туулган А.Э. Ош облусунун Кара-Суу районунан табылып, ата-энесине жеткирилип берилген.
Аталган факт боюнча кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү делип 1983-жылы туулган Х.С. аттуу жаран кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген. Соттун чечимине ылайык шектүү бир айга камакка алынды.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.


