super.kg logo

Reuters: Путин менен Зеленскийдин жолугушуусу Венгрияда өтүшү мүмкүн

 

Украина менен Орусиянын президенттеринин жолугушуусу Венгрияда өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Reuters агенттигине АКШ президентинин администрациясынан ишенимдүү булагы билдирген.

Ал жолугушуу тууралуу кенен маалымат берген жок, бирок Орусия тарап азырынча мындай сунушту расмий түрдө тастыктай электигин кошумчалады.

АКШ президенти Дональд Трамп 18-августта Украина президенти жана Европа союздаштары менен жолугушкандан кийин Владимир Путин менен Владимир Зеленскийдин жеке кездешүүсүн даярдап жатканын жарыялаган.

Германия канцлери Фридрих Мерц Ак үйдөгү сүйлөшүүлөрдөн кийин, Путин менен Зеленскийдин жолугушуусу жакынкы эки жуманын ичинде өтөрүн билдирди.

Ошол эле учурда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Орусия менен кызматташууну улантууну жактайт жана Украинаны аскердик жактан колдоого каршы чыгып келет. Орбан буга чейин Москвада Путин менен, ал эми Киевде Зеленский менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: