Бишкекте жүрөк үшүн алган окуя катталды
Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 2003-жылы туулган М.А. аттуу жигит өз энесин өлтүргөндүгү үчүн кармалды. Учурда экспертизалар дайындалып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.
Ал эми жергиликтүү басылмалар 22 жаштагы жигит өз энесин өлтүрүп, дене бөлүктөрүн кайнатып жатканда милиция тарабынан кармалганын жазышууда. Маалым болгондой, укук коргоо кызматкерлери коңшулардын жаман жытка байланыштуу чакыруусунан улам барып, батирдин ичинен аял кишинин бир нече бөлүктөргө бөлүнгөн денесин табышты. Каргашалуу окуя Манас жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги батирлердин биринде болгону кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:42
2025-08-19
12:40
2025-08-19

15:25
2025-08-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.