Бишкекте 26 жаштагы келин ири алдамчылыкка шектелип кармалды
Бишкекте алдамчылыкка шектелген 26 жаштагы келин кармалганын бүгүн, 19-августта Свердлов райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-июлда милицияга М.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал чала таанышы март айынан баштап чет өлкөлүк кайрымдуулук фонддорунун биринен кыймылсыз мүлк жана 6 унаа алып берем деген шылтоо менен ишеничине кирип, 3 миллион 500 сом алганын айткан.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Кармалган шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Буга чейин социалдык тармактарда үч баласы менен көчөдө калды делген жарандын видеосу тараган. Анда милиция кызматкерлери түндө анын аялын алдамчылыкка шектүү катары кармап кетишкени айтылат. Жаран батиринен да куулуп калганы маалымдалган.


