super.kg logo

Ооганстанда мигранттарды ташыган автобус өрттөнүп, 71 адам каза болду

 

Ирандан депортацияланган мигранттарды ташып бараткан автобус Ооганстандын аймагында кырсыкка учурады. Кагылышуудан кийин автобус өрттөнүп, 71 адамдын өмүрү кыйылды. Ооганстандын Маданият жана маалымат башкармалыгынын жетекчиси Ахмедулла Муттаки бул тууралуу X социалдык тармагындагы баракчасында маалымат берди.

Анын айтымында, автобус мотоцикл жана жүк ташуучу унаа менен кагылышкан. Кагылышуудан улам автобус толугу менен өрттөнүп, ондогон адамдар каза болгон. Бирок кырсыктан өлгөндөрдүн так саны боюнча расмий маалымат азырынча жарыялана элек.

Иранда 2023-жылдан тарта мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөрдү, негизинен оогандарды, массалык түрдө депортациялоо күчөгөн. Буга "Израилдин пайдасына террордук жана диверсиялык аракеттерге барган айрым адамдар өлкөгө мыйзамсыз кирген оогандар болгон" деген кабарлар себеп болгону айтылган.

Ирандын Ички иштер министрлигинин Чет элдиктер жана качкындар башкармалыгынын жетекчиси Надир Ярахмеди 11-июлда берген маалыматына ылайык, 21-марттан бери 772 миңден ашуун ооганстандык мыйзамсыз мигрант Ирандан чыгып кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: