super.kg logo

Норвегиянын мураскер ханзаадасынын өгөй уулуна 32 кылмыш боюнча айып коюлду

 

28 жаштагы Мариус Борг Хёйби, Норвегиянын мураскер ханзаадасы Хокондун өгөй уулу 32 кылмыш иши боюнча айыпталууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Айыптардын ичинде төрт зордуктоо, үй-бүлөлүк зомбулук, коркутуулар, байланышка тыюу салууну бузуу, вандализм, унаа башкаруу эрежелерин бузуу, аялдардын интимдик жерлерин жашыруун тартуу боюнча кылмыш иштери бар.

Жактоочусу эң оор кылмыштарды четке кагып, бирок кээ бир жеңилирээк айыптарга күнөөлүү экенинин моюндады.

Сот 2026-жылдын январь айында башталышы күтүлүүдө жана алты жумага созулушу мүмкүн. Эгер оор кылмыштар далилденсе, Хёйбиге 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы берилиши мүмкүн.

Норвегиянын падышалык үй-бүлөсү билдиргендей, алар расмий милдеттерин аткарууну улантышат жана иштин жыйынтыгын сот гана аныктай турганын баса белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: