super.kg logo
  Саясат  

Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапары менен келет

 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 21-августта Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

"Сапардын алкагында мамлекет башчыларынын тар курамда эки жактуу сүйлөшүүлөрү жана Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин кезектеги жетинчи жыйыны өтөт.

Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле кыргыз-казак мамилелеринин өнүгүү келечегин талкуулашат. Ошондой эле сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлеринин катышуусунда Ынтымак паркында "Достуктун алтын көпүрөсү" монументинин расмий ачылыш аземин өткөрүү пландалган. Сапарга карата бир катар иш-чаралар, анын ичинде Казакстандын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун расмий ачылыш аземи, Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин Ош шаарындагы филиалынын ачылышы, ошондой эле Кыргызстанда казак киносунун күндөрүн жана Бишкек шаарында үчүнчү Кыргыз-Казак жаштар форумун өткөрүү пландаштырылган",- деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: