super.kg logo

Израилди колдогон Microsoft’ко каршы "Газа" акциясы өттү

 

АКШдагы ири технологиялык компания Microsoft’тун кызматкерлери жана активисттер Израил армиясы менен кызматташып жатат деген жүйө менен Вашингтон штатындагы башкы кеңсесинин алдында нааразычылык акциясын өткөрүштү. бул тууралуу The Verge басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Microsoft’тун учурдагы жана мурдагы кызматкерлери, активисттер жана жергиликтүү тургундардан турган "No Azure for Apartheid" аттуу топ компаниянын кеңсесинин алдына чатыр тигип, плакаттар көтөрүштү. Алар компаниянын бир имаратына "Шейит болгон палестиналык балдардын аянтчасы" деген жазуусу бар баннер илишкен. Социалдык тармактардагы билдирүүлөрүндө акция өтүп жаткан жерди "Эркиндик аймагы" деп аташкан.

Акцияга катышкандар Microsoft’тун жетекчилерин да өздөрүнө кошулууга чакырышты. Алар компаниядан Израил армиясы менен түзүлгөн келишимдерди дароо жокко чыгарууну талап кылышты.

"Акыркы 22 ай ичинде Microsoft’ко таандык байкоо системалары Газанын бомбалоосунда жана палестиналыктарга каршы кыргында колдонулду",- деп билдирди топтун басма сөз кызматы.

Microsoft кызматкерлери буга чейин да компаниянын Израил менен кызматташтыгына каршы чыгышкан. Апрелде өткөн 50 жылдык маараке учурунда, Microsoft AI жетекчиси Мустафа Сулайман сөз сүйлөп жаткан учурда кызматкерлердин бири сахнага чыгып, ага каршы нааразычылыгын айткан.

"Сен жасалма интеллектти жакшылык үчүн колдонууга чакырып жатасың, бирок Microsoft Израил армиясына AI куралдарын сатууда. 50 миң адам өлдү, Microsoft геноцидди колдоодо",- деген ал.

Associated Press агенттигинин жыл башындагы изилдөөсүндө Microsoft жана OpenAI компанияларынын жасалма интеллект моделдери Израилдин аскердик программасында колдонулуп, Газа менен Ливандагы бомбалоо үчүн максаттарды тандоого пайдаланылганы аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: