super.kg logo

К2 чокусун багындарган Эдуард Кубатов мекенге кайтып келди

 

Бүгүн, 20-августта өлкөгө К2 чокусун багындарган, Кыргызстан альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов кайтып келди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Аны "Манас-2" эл аралык аэропортунан жакындары, санаалаштары салтанаттуу тосуп алышты.

Кубатов 11-августта кошумча кычкылтексиз дүйнөдөгү экинчи бийик чоку - К2 чокусуна ийгиликтүү көтөрүлгөн.

Кубатовдун айтымында, быйылкы сезон абдан оор болгон. Ал чокуну багындырган соң түшүү убагында көпчүлүк оор жаракат алып, бир альпинист айым каза болгонун жазган.

Эске салсак, Эдуард Кубатов 2021-жылы Эверестти багындырган. Ал Жер жүзүндөгү эң бийик чокуга Кыргызстандын атынан чыккан биринчи альпинист болуп саналат.

Маалымат үчүн: К2 - Пакистан менен Кытайдын чек арасындагы Каракорум кырка тоосунда жайгашкан. Анын бийиктиги 8 миң 614 метрди түзүп, дүйнөдө Эвересттен кийинки экинчи эң бийик тоо болуп эсептелет.






Эдуард Кубатов

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: