super.kg logo

"Детина" каймана аты менен белгилүү болгон УКТнын мүчөсү Литвадан кармалды

 
Адам өлтүрүүгө шектелип эл аралык издөөдө жүргөн жаран Литвадан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, август айында Литванын аймагынан Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кайрылуусу боюнча эл аралык издөөдө жүргөн, криминалдык чөйрөдө "Детина" деген каймана аты менен белгилүү болгон 1979-жылы туулган Ю.Ю. аттуу жаран жүздү таануу технологиясынын жардамы менен кармалды. Ал буга чейин Ш.А.нын атынан жасалма документти колдонуп келген.
"Шектүү 2007-жылы унаа жуучу жайдын ээсин атып өлтүрүп, белгисиз тарапка качып кеткен. Мындан тышкары, Алматы шаарында дагы адам өлтүрүүгө шектелип, Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынган. Ал ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган. Учурда Кыргызстандын ыйгарым укуктуу органдары кармалган жаранды өз өлкөсүндө кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн экстрадициялоо маселесинин үстүндө иштеп жатат",- деп кошумчаланат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: