Балыктардын массалык өлүмүнө эмне себеп болгону белгилүү болду
Ысык-Атада балыктардын массалык өлүмүнө эмне себеп болгону белгилүү болду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 13-августта Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Киров айылындагы "Новое озеро" балык чарба көлмөсүндө массалык түрдө өлгөн балыктар тууралуу маалыматтар ЖМКларда жарыяланган.
Ысык-Ата райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Санитардык-бактериологиялык лабораториясынын жыйынтыгы боюнча аталган суунун үлгүсүндө нормадан бир нече эсе ашкан көрсөткүчтөр аныкталды.
Бул төмөнкү терс таасирлерге алып келиши мүмкүн:
- Кычкылтек жетишсиздиги - бактериялар жана органикалык калдыктар кычкылтекти азайтат, бул гипоксияга алып келет.
- Метаболизмдин бузулушу - аммиактын жогору деңгээли жабрларга жана ички органдарга терс таасир берет.
- Экологиялык тең салмактын бузулушу - суунун микрофлорасы жана азыктык чынжыр бузулат. Балык запастарынын массалык өлүмү жана репродукциянын төмөндөшү.
Жыйынтыгында суунун сапаты санитардык-экологиялык нормаларга жооп бербейт табылды. Анализдер суунун бактериалдык жана химиялык булганганын тастыктайт. Бул балыктарга жана жалпы экосистемге олуттуу коркунуч жаратат.

