super.kg logo

"Болобу ушул жер?". Жеңишбек Токторбаев Ошто гүл базары курула турган аймакты кыдырды (видео)

 
Ош шаарында заманбап гүл базарын куруу үчүн жер аянты бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта шаар мэриясынын маалымат борбору билдирди.
Маалыматка караганда, Курманжан датка көчөсүндөгү эски гүл базарынын бузулушуна байланыштуу, жаңы гүл базары үчүн жер аянты Ибраимов атындагы улуттук драма театрынын оң капталынан берилди.
Бул аймакты бүгүн мэр Жеңишбек Токторбаев жеринен көрүп, тиешелүү кызматтарга долбоорду кыска убакытта даярдап, зарыл иштерди баштоону тапшырды.
Мэр аталган аймакта заманбап гүл базар курула турганын айтып, "базардын аймагы калаанын борборунда жайгашкан. Эки тарабынан тең жол бар. Ушул жерге куруп берсек ыраазы болосуңарбы?", - деп гүл саткан соодагерлерге кайрылды.





20.08.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: