super.kg logo

Палестина алгач ирет "Аалам сулуусу" сынагына катышат

 

Палестина бул жылы "Аалам сулуусу" сынагында биринчи жолу катышат. Сынакта өлкөнү Надин Аюб аттуу сулуу таанытат. Бул тууралуу CNN телеканалы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 27 жаштагы Аюб 2022-жылы "Палестина сулуусу" наамын жеңип алган. Ал кесиби боюнча нутрициолог, ошондой эле психология жана англис адабияты боюнча бакалавр даражасына ээ. Учурда туура тамактануу жана сергек жашоо образы боюнча машыктыруучу болуп иштейт. Ошондой эле гуманитардык демилгелерге активдүү катышып, муктаж үй-бүлөлөргө жана майыптыгы бар балдарга жардам берет.

"Палестина кайгырып турган азыркы учурда, айрыкча Газадагы катаал учурда, мен унчукпай коюудан баш тарткандардын үнү болом. Мен Палестинадагы ар бир аялды жана ар бир баланы дүйнөгө көрсөтөм. Алардын күчүн бүтүндөй дүйнө көрүшү керек",- деди ал.

"Аалам сулуусу - 2025" сынагынын финалына 130дан ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышат. Жыйынтыктоочу сынак 21-ноябрда Таиланддын борбору Бангкок шаарында өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: