super.kg logo

Bakai Bank чакан жана орто бизнес үчүн онлайн насыялардын пайыздык ченин төмөндөттү

 

Bakai Bank чакан жана орто бизнес үчүн онлайн насыялардын пайыздык ченин төмөндөттү.

Ар бир кардар үчүн пайдалуу шарттар - жеткиликтүү мүмкүнчүлүк!

2025-жылдын 28-июлунан тартып Bakai Bank ишкерлерге багытталган чакан жана орто бизнес үчүн онлайн насыя жаңы продуктту сунуштады. Эми 250 000 сомго чейин насыя алуу мурдагыдан да жеңил болмокчу, насыяны толугу менен онлайн жана банк бөлүмдөрүнө барбастан, каалаган убакта алууга мүмкүн.

Сервис Bakai Business мобилдик тиркемесинде күнү-түнү 24/7 режиминде жеткиликтүү, бул ишкерлерге аларга ыңгайлуу маалда каржылоо алууга мүмкүнчүлүк берет. Өтүнмө болгону 3 мүнөттө каралып, насыянын коюмдары улуттук валютада жылына 18%ды гана түзөт.

Жаңы формат насыя тариздөөнү эң ыңгайлуу кылды:

• банкка баруу жана ашыкча документтерди топтоонун кереги жок;

• өтүнмөнү онлайн түрүндө ачык-айкын кароо;

• насыянын мөөнөтү - 3 жылга чейин, суммасы - 250 000 сомго чейин.

Биз ишкерлердин убактысын кагаз иштерине эмес, бизнесин өнүктүрүүгө жумшоосуна шарт түзөбүз. Эми адилет пайыздык коюм менен жана эң ыңгайлуу формада насыя алуу үчүн смартфон гана жетиштүү.

Бул продукт өлкө боюнча жеткиликтүү, ошондой эле чакан жана орто бизнести колдоонун маанилүү куралы болуп, тез жана жөнөкөй каржылоого жол ачат.

Bakai Bank — чыныгы маанилүү нерселер үчүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: