super.kg logo

Нарында мыйзамсыз менчиктештирилген жер мамлекетке кайтарылды

 

Нарын шаарында жайгашкан мурдагы "Республикалык автоэксплуатациялык" бирикмесине тиешелүү болгон 1,1 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жер тилкеси 1972-жылдын 13-январында Нарын шаардык кеңешинин аткаруу комитетинин чечими боюнча "Республикалык автотехникалык тейлөө" бирикмесине техникалык тейлөө станциясын куруу үчүн берилген.

Кийин, тагыраагы, Мамлекеттик мүлк фондунун башкармалыгынын 1993-жылдын 12-февралындагы токтомуна ылайык, бул ишкананын базасында "КыргызАвтосервис" акционердик коому түзүлүп, анда үлүштүк катыштуулугу төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленген: "Мамлекеттик мүлк фондунун" үлүшү – 25 пайыз; эмгек жамаатынын үлүшү – 61 пайыз; башкаруучунун, анын ичинде К.А.нын үлүшү – 6,6 пайыз; Х.Ф., А.Т. жана К.В.нын ар бирине 2 пайыздан бөлүштүрүлгөн.

2002-жылы "КыргызАвтосервис" акционердик коому банкроттук шылтоосу менен жабылып, кайрадан "Декар" көп профилдүү өндүрүүчү ишканасы" ЖАК болуп өзгөртүлгөн. Анын президенти болуп башкармалыктын мүчөсү К.А. шайланган.

Ошол эле жылы К.А. Б.Б. аттуу жаранга кол койуу укугун берген ырастамасын тариздеп, ал аркылуу сөз болуп жаткан жер тилкеси "Декар" көп профилдүү өндүрүүчү ишканасы" ЖАКнун кызматкери И.А.га өткөрүлгөн.

Мындан улам жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, мурунку "Республикалык автотехникалык тейлөө" бирикмеси, азыркы "Декар» көп профилдүү өндүрүүчү ишканасы" ЖАКнун мыйзамсыз ээлик кылып жүргөн жер тилкеси Нарын шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: