Макрон Израилдин Газаны басып алуу операциясы бүтпөс согушка алып барат дейт
Израилдин Газаны басып алуу операциясы аймакта катастрофаны жана бүтпөс согушту жаратышы мүмкүн. Бул тууралуу Франциянын президенти Эммануэль Макрон Иорданиянын падышасы Абдулла II жана Египеттин лидери Абдул Фаттах менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин билдирди.
"Израил даярдап жаткан Газадагы аскердик операция эки эл үчүн чыныгы катастрофага алып келиши мүмкүн жана аймакты туруктуу согушка түртөт", - деп жазды ал X социалдык тармактагы баракчасында.
Анын айтымында, сүйлөшүүдө лидерлер бир бүтүмгө келишкен.
"Газада туруктуу ок атышпоо, бардык барымтадагыларды бошотуу, Газанын тургундарына гуманитардык жардам жеткирүү жана ХАМАСтын куралсыздануусу гана жаңжалга чекит коё алат", - деп белгилейт.
Макрон Франция, Египет, Иордания жана башка аймактык өнөктөштөр Газаны турукташтыруу боюнча эл аралык миссияны ишке ашырышы жана Израил менен Палестина элдеринин тилегине жооп бере турган саясий чечимдин үстүндө иштеши керектигин кошумчалады.
