Казакстанда 10 жаштагы бала чагылган тийип каза болду
Казакстандын Акмола облусунда 10 жаштагы балага чагылган тийип, ал каза тапты. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Кырсык кечээ, 20-августта Биржан Сал районундагы Улги айылында болгон. Полициянын маалыматына ылайык, чагылгандан 10 жаштагы бала каза болуп, дагы бир бала жаракат алган.
"Бул факт боюнча Биржан Сал райондук полиция бөлүмү тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Азыркы учурда толук маалымат чогултулуп, болгон окуянын бардык жагдайлары такталууда",- деп билдиришти Акмола облусунун полиция департаментинин басма сөз кызматынан.
Окуя болгон жерде териштирүү иштери жүрүп жатканы айтылды.
Эскерте кетсек, ушул жылдын июнь айынын башында Акмола облусунда ушундай эле окуя катталган. Анда Зеренди районунун Акадыр айылындагы эки тургунга мал багып жүргөн кезде чагылган тийген.
