super.kg logo

Улуу Британия Кыргызстандагы криптовалюта тармактарына санкция киргизди

 

Британия өкмөтү Орусияга каршы киргизилген санкцияларды айланып өтүү аракеттерине катышкан чет элдик каржы уюмдарына жана криптовалюта тармактарына каршы жаңы чектөөлөрдү киргизди. Санкция тизмесине Кыргызстандын бир катар каржы институттары да кирди. Бул тууралуу Улуу Британия өкмөтүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, Орусия Кыргызстандагы каржы сектору менен криптовалюта тармактарын пайдаланып, ачык эмес жана жашыруун транзакциялар аркылуу санкцияларды айланып өтүүгө аракет кылган.

"Улуу Британия бул аракеттерди токтотуу максатында жаңы чараларды кабыл алды. Бул өлкөнүн Орусияга каршы киргизилген 2700дөн ашык санкциясын кеңейтүү болуп эсептелет. Бул кадам АКШнын да ушул сыяктуу аракеттерин колдоого алуу катары кабыл алынууда",- деп айтылат маалыматта.

Маалыматта Кыргызстандын "Капитал" банкы жана анын директору Кантемир Чалбаевдин аты аталган. Ал Орусия тарабынан аскердик товарлар үчүн төлөм жүргүзүүдө колдонулуп жатканы маалымдалган. Санкциялар ошондой эле Grinex жана Meer криптовалюталык биржаларына, рубль менен камсыздалган жаңы криптотокен A7A5тин инфраструктурасына да тиешелүү. Алар төрт айдын ичинде атайын криптовалюталык биржа аркылуу 9,3 миллиард доллар которууга колдонулуп, Батыш санкцияларын айланып өтүү үчүн атайын иштелип чыккан.

Кыргызстандык каржы түзүмдөрүнөн тышкары, Улуу Британия Люксембургдагы Altair Holding компаниясына да санкция киргизди. Лондондун маалыматына караганда, бул компания Орусияны колдоп, Орусиянын каржы секторунда иш алып барган уюмдарды көзөмөлдөйт.

Британ өкмөтүнүн пресс-релизи жарыяланган бир нече сааттан кийин Москва жооп катары бир катар британдык медиа, бейөкмөт уюмдар жана консалтингдик структураларга санкция киргизгени айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: