super.kg logo

Кытай менен Индия соода согушунун фонунда позицияларын жакындатууда

 

АКШнын соода басымынын шартында Дели менен Пекин өз ара позицияларын жакындатып жатышат. Бирок эки өлкө толук кандуу мамиле түзүүгө али бара элек. Бул тууралуу америкалык CNBC телеканалы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Индиядагы эки күндүк иш сапарын аяктады.

"Индия менен Кытай бири-бирин атаандаш же коркунуч катары эмес, өнөктөш жана мүмкүнчүлүк катары кароосу керек",- деп билдирди ал.

Ал ошондой эле 2024-жылдын октябрында Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин жолугушуусу эки өлкөнүн мамилелерин "кайра жандантуунун" башаты болгонун белгиледи.

Жаңы келишимдер жана жылыштар:

  • Моди Си Цзиньпинден ШКУ саммитине (Тяньцзинь, август аягында) чакыруу алды жана аны кабыл алды. Бул Индия премьер-министринин Кытайга акыркы жети жылдагы алгачкы сапары болот.
  • COVID-19 пандемиясынан бери токтоп турган түз авиакаттамдар кайра жанданышы күтүлүүдө.
  • Үч чек ара пунктунда соода мамилелерин жандантуу макулдашылды.
  • Кытай Индияга жер семирткичтер, сейрек кездешүүчү металлдар жана туннель казуучу жабдууларды экспорттоого чектөөлөрдү алып салууга макул болду.

Эксперттердин пикиринде, бул жылыш "тактикалык" мүнөзгө ээ жана мамилелердин фундаменталдык өзгөрүүсү эмес. Чек ара талаштары толук чечиле элек, суу ресурстары боюнча да талаштар сакталууда.

Мындан тышкары, май айындагы Индия менен Пакистандын чек арасындагы кагылышуу учурунда Пакистан өзүнүн J-10C кытай учактары Индиянын Rafale учактарын атып түшүргөнүн билдирген. Бул да кырдаалды курчуткан.

6-августта АКШ президенти Дональд Трамп Индияга карата кошумча 25 пайыз бажы төлөмдөрүн киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон. Алар 27-августтан тартып күчүнө кирет. Буга Индиянын Орусиядан нефть сатып алуусун улантуусу себеп болгон.

Трамп Индияны "бажылардын падышасы" деп атап, ага каршы эң жогорку бажы төлөмдөрүн киргизгенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: