Рубио Украина жана Европанын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилери менен сүйлөшүү өткөрөт
Бүгүн, 21-августта АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Украина менен бир нече Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилери менен дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бул тууралуу The New York Times гезити кабарлады.
Дональд Трамптын администрациясындагы жогорку даражалуу өкүл гезитке билдиргендей, жолугушууда тынчтыкты жөнгө салуу боюнча конкреттүү деталдар талкууланмакчы. Бирок NYT сүйлөшүүлөр кайсы жерде жана кандай форматта өтөрүн тактаган жок.
Администрациянын өкүлү билдиргендей, бул сүйлөшүүлөр Владимир Зеленский менен Владимир Путиндин мүмкүн болчу жолугушуусунун алдында "коопсуздук кепилдиктери кандай болушу мүмкүн экенин" аныктап берет.
Буга чейин НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери видеоконференция өткөрүп, Украина үчүн мүмкүн болгон коопсуздук кепилдиктерин талкуулашкан. Associated Press агенттигинин маалыматына ылайык, бул конференцияга АКШнын Бириккен штабдар комитетинин төрагасы, генерал Дэн Кейн да катышкан.
