super.kg logo

Министрлер кабинети көрүстөндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитти

 

Министрлер кабинети өлкөнүн көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин токтом менен бекитти. Тиешелүү токтомго Адылбек Касымалиев кол койду.

Мындай чечим көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо эрежелерин, анын ичинде шарттарын, мөөнөттөрүн, наркын жана тариздөө жол-жобосун аныктайт.

Тартиптин максаты – жарандардын сөөгүн жайга кадыр-барктуу коюуга болгон укуктарын камсыз кылуу, санитардык, экологиялык, шаар куруу жана диний-маданий ченемдерди сактоо, көрүстөндөрдү эсепке алууну жана натыйжалуу башкарууну системалаштыруу, кызмат көрсөтүүнүн жана пайдалануунун ачык-айкын механизмин түзүү.

Документтин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз чечимдерин токтомго ылайык келтирет. Ал эми, бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: