super.kg logo

Times: Америкалык кыйраткыч учактарды Румынияга жайгаштыруу сунушталды

 

Европа өлкөлөрү АКШ президенти Дональд Трамптан Украинанын коопсуздук кепилдиктери үчүн америкалык кыйраткыч учактарды Румынияга жайгаштырууну өтүнүштү. Бул тууралуу Times басылмасы жазды.

Гезит жазгандай, Европанын жогорку аскер жетекчилери Орусиянын кайра кол салуусун алдын алуу максатында Румынияда НАТО куруп жаткан эң чоң аба базасына америкалык F-35 кыйраткыч учактарын жайгаштыруу маселесин талкуулашууда.

Бул маселе АКШнын Бириккен штабдар комитетинин төрагасы Дэн Кейндин Улуу Британия, Германия, Франция, Финляндия жана Италиянын аскер жетекчилери менен өткөргөн жолугушуусунда көтөрүлгөн.

Учурда НАТО Румыниядагы "Михай Когэлничану" аба базасынан Кара деңиз үстүндө аба мейкиндигин изилдөө боюнча миссияларды жүргүзүп келет. Бул база мурда Ирактагы согуш маалында америкалык аскерлердин негизги жайгашуу жери болгон жана азыр АКШ учактары үчүн эң ылайыктуу жай катары каралууда.

Мындан тышкары, Улуу Британия Украинанын батышына Typhoon кыйраткыч учактарын жана 3-5 миң аскерин украин армиясын машыктыруу үчүн жөнөтүүнү сунуштады. Ошондой эле, Франция, Канада жана Австралия да өз аскерлерин жөнөтүшү мүмкүн экенин Times басылмасы белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: