super.kg logo

Казак бийлиги айрым тиркемелерге тыюу салынат деген маалыматты четке какты

 

Казакстандын Санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлиги чет өлкөлүк мессенжерлерди колдонууга тыюу салынат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Министрликтин маалыматына караганда, бул маселе мамлекеттик органдар менен квази мамлекеттик сектордогу кызматтык кат алышуу үчүн казакстандык Aitu сервисин киргизүү жөнүндө гана болуп жатат.

Казакстандыктарга WhatsApp, Telegram жана башка чет өлкөлүк колдонмолорду колдонууга тыюу салынбайт, аларды эркин колдонуу улантылат.

"Aitu мамлекеттик сектордогу кызматтык кат алышуу, жумушчу чаттар, оперативдүү билдирүүлөр жана санариптик платформалар менен өз ара аракеттенүү үчүн негизги курал болот. Aitu жарандардын жеке турмушундагы чет өлкөлүк мессенжерлерди алмаштырбайт же тоскоолдук кылбайт, ал мамлекеттик иш процесстери үчүн коопсуз каналды гана камсыз кылат",- деп белгиледи мекеме.

Эске салсак, 11-августта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жасалма интеллектти өнүктүрүү боюнча жыйында бардык жеке маалыматтарды камтыган коммуникацияларды улуттук мессенжер Aitu сервисине которуу боюнча өкмөткө тапшырма берген.

12-августта бардык мамлекеттик органдарга Aitu мессенжерине өтүү милдеттендирилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: