super.kg logo

АКШ Эл аралык кылмыш сотунун төрт мүчөсүнө жаңы санкцияларды киргизди

 

Америка Кошмо Штаттары Эл аралык кылмыш сотунун (ЭКС) төрт өкүлүнө санкция киргизди. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаменти билдирди.

Санкцияга эки сот өкүлү жана прокурордун эки орун басары киргизилди. Мамдеп белгилегендей, соттордун бири Ооганстандагы мүмкүн болгон кылмыштар боюнча америкалык аскердик кызматкерлерге карата иликтөөгө уруксат бергендиги үчүн санкциялык тизмеге кирген. Калган үч өкүлгө Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана өлкөнүн мурдагы коргоо министри Йоав Галлантка камакка алуу ордерлерин чыгарганы үчүн санкция салынган.

Санкциялар бул адамдардын АКШ аймагындагы бардык активдерин тоңдурууну, ошондой эле АКШ жарандарына жана компанияларына алардын чет өлкөдөгү мүлкү менен ар кандай операцияларды жүргүзүүгө же аларга кызмат көрсөтүүгө тыюу салууну камтыйт.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубиого бул чечим үчүн ыраазычылык билдирди.

"Бул — Израиль мамлекетин жана Израилдин Куралдуу күчтөрүн каралоо боюнча жалган кампанияга каршы чечкиндүү кадам, чындыкты жана адилеттүүлүктү коргоо",- деп айтылат премьер-министрдин Х платформасында жарыяланган билдирүүсүндө.

Гаагада жайгашкан Эл аралык кылмыш соту 2024-жылдын ноябрь айында Нетаньяху менен Галлантка камакка алуу ордерлерин чыгарган. Аларга 2023-жылдын октябрынан 2024-жылдын май айына чейин Газа секторунда ХАМАСка каршы Израилдин аскердик операциясынын жүрүшүндө "аскердик кылмыштар жана адамзатка каршы кылмыштар" айыбы тагылууда. Андан кийин Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча мурдагы жетекчиси Жозеп Боррель бардык ЕБ өлкөлөрү бул ордерлерди аткарууга милдеттүү экенин баса белгилеген. Бирок 2025-жылдын апрель айында Нетаньяху Венгрияга тоскоолдуксуз барып кеткен. Көп өтпөй Венгрия бийлиги ЭКСтен расмий түрдө чыкканын жарыялаган.

Буга чейин, 2023-жылдын март айында, ЭКС Орусия президенти Владимир Путинге жана Орусиянын бала укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мария Львова-Беловага карата камакка алуу ордерлерин чыгарган. Сот аларды Украинанын оккупацияланган аймактарынан балдарды мыйзамсыз көчүрүп кетүү боюнча күнөөлүү деп эсептеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: