super.kg logo

МИК курган үйлөрдү 4 пайыздык чен менен кимдер ала алышат? (видео)

 

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын Турак жайды каржылоо багыттары эки механизмдин негизинде жүргүзүлөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына МИКтин расмий өкүлү Мырзагүл Сардарбекова билдирди.

"Мамлекеттик ипотекалык компания эки механизмдин негизинде иш алып барат. Биринчиси бул жалпы жарандар үчүн: анын ичинде чет мамлекеттерде иштеген мигранттар, расмий түрдө иштебен жарандар үчүн "Үлүштүк курулуш" программасы. Бул багытта сөзсүз түрдө баштапкы төлөм 50 пайызы болушу керек, 8 пайыз менен 15 жылга берилет. Эң негизги талап - программага катышуучунун, анын жубайынын жана жашы жете элек балдарынын Кыргызстандын аймагында өзүнүн турак жайы жок болушу керек.

Ал эми экинчиси "Ипотека" программасы. Бул багытта үч программа бар: Жеңилдетилген ипотека, Социалдык ипотека жана Арзан ипотека. Баштапкы төлөм талап кылынбайт, 4 жана 8 пайыздык чен менен 25 жылга берилет",- деди ал.

Социалдык ипотека - калктын аярлуу катмары үчүн. Тагыраагы, жалгыз бой энелер, 5 же андан көп балдары барлар, үй бүлөсүндө ден соолугунан майыптыгы бар жарандар, иштеген чөйрөсүнө карабастан айыл жергесинде иштеген жана ишкерлик кылган 35 жашка чейинки жаш адистер үчүн жылдык 4 пайыздык чен менен берилет.

Жеңилдетилген ипотека - бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери үчүн 4 пайыз менен берилет.

Арзан ипотека - жеке сектордун кызматкерлери үчүн 8 пайыздык чен менен баштапкы төлөмү жок, 25 жылга чейинки мөөнөткө берилет.

Жогоруда көрсөтүлгөн багыттар боюнча турак жайды кийин сатып алуу менен ижара механизми боюнча мамлекеттик органдар тарабынан курулган даяр турак жай берилет. Мындан тышкары өлкөнүн аймактарында (Бишкек жана Ош шаарларынан сырткары) иш алып барган бардык категориядагы жарандар үчүн KFW программасы боюнча ипотекалык кредиттер жеткиликтүү.

Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрө аласыз.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: