super.kg logo

Быйыл мектеп окуучуларынын формасы кандай болот?

 
1-12-класстын окуучулары быйылкы жаңы окуу жылында мурдагы жылдардай эле форма кийишет. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, эркек балдар үчүн классикалык стилде тигилген ак түстүү көйнөктөр, ал эми шым-костюм, жилеттери кара, күрөң, көк жана кочкул кызыл түстүү болушу шарт. Балдардын мектеп формасынын комплектине классикалык формада тигилген галстукту кошууга болот. Кыздар үчүн мектеп формасы түрдүү комбинацияда жана классикалык стилде тигилген кофта, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук, костюм комплектинен турат.
Жалпы билим берүү уюмдарында спорттук кийимдер жана бут кийимдер, жинсы кийимдер, эс алуу жайларында, үйдө кийүүчү кийимдерди кийип жүрүүгө болбойт. Ошондой эле окуучулардын мектеп формасы эмблемалар, төш белгилер, жамаачы сыяктуу мектептин, класстын айырмалоочу белгилерине ээ болушу мүмкүн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: