Таластын төө бурчагы 30дан ашык өлкөгө экспорттолууда
Таластын "Нирвана" сортундагы төө бурчагы 30дан ашык өлкөгө экспорттолууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Орто-Арык айылында төө буурчак түшүмү жыйналууда. Айыл тургундарынын бири 1,5 гектар жерге "Нирвана" сортундагы төө буурчак айдап, ар гектарынан орточо эсеп менен 1,5 тонна түшүм алууда.
Анын айтымында, төө буурчактын базар баасы учурда 105–110 сомдон. Жыйноо иштери трактор менен жүргүзүлүп, 2 гектар жерди 5 миң сомдон жулуп беришүүдө. Быйыл абанын ысык болушуна байланыштуу түшүм жыйноо иштеринин башталышы мурунку жылдарга салыштырмалуу 15-20 күнгө эрте башталды.
Жалпысынан Талас районунда бул жылы 12 183 гектар жерге төө буурчак айдалып, өткөн жылга салыштырмалуу 319 гектарга көбөйдү. Район аймагында төө буурчактын төрттөн ашык түрү өстүрүлүп, учурда түшүм жыйноо кызуу жүрүп жатат. Айыл аймактарында түзүлгөн МТС ишканалары жана жеке менчик техникалардын жардамы менен жыйноо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, Таластын төө буурчагы дүйнөнүн 30дан ашык өлкөсүнө экспорттолот.
