Бишкекте эки көчөнүн айрым бөлүктөрү убактылуу эки тараптуу болот
Бишкек шаарында эртең 22-августтан баштап Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн айрым тилкелери убактылуу эки тараптуу болот. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, Киев көчөсү Эркиндик бульварынан Абдрахманов көчөсүнө чейинки аралыкта жана Токтогул көчөсү Эркиндик бульварынан Ибраимов көчөсүнө чейинки аралыкта эки тараптуу болуп уюштурулат.
Бул чечим Чүй проспекти менен Фрунзе көчөсүнүн убактылуу жабылышына байланыштуу жол тыгындарын азайтуу максатында кабыл алынууда.
Мындан тышкары, аталган көчөлөрдүн эки тарабына унаа токтотууга тыюу салган белгилер орнотулат.
Бишкек шаарынын мэриясы жогоруда аталган аймактарда автоунаа токтотпоону суранат. Эгерде жол белгилерине баш ийбеген учурлар катталса, автоунаалар эвакуатор аркылуу алынып кетет.
