Аромат жаратуучунун дүйнөсү. Парфюмер Тамилланын сырдуу өнөрү (маек)
Парфюм дүйнөсү – дайыма табышмактуу жана өзүнө тартуучу. Бирок акыркы жылдары табигый ингредиенттерге болгон кызыгуу күчөп, эфир майларынан даярдалган жыттуу майлар жаңы трендге айланды. Бул жолу биз өз колу менен ушундай парфюмдарды жараткан жаш кол өнөрчү Тамилла менен порталыбыздын #Азыр рубрикасынын алкагында маектешип, анын сырларын угуп көрдүк.
Анын айтымында, жыт – бул жөн гана эстетикалык ырахат эмес, ал адамдын маанайына, энергиясына жана күнүмдүк жашоосуна түздөн-түз таасир этет.
Тамилла Асанова – эфир майларынын сыйкырын жараткан жаш кол өнөрчү. Ал жыттуу майларды жасоодон тышкары, өз алдынча үйрөнгөн кондитер. Биз аны менен жыт дүйнөсү тууралуу сүйлөштүк.
- Саламатсызбы, Тамилла айым? Айтсаңыз, жыттуу майларды жасоого эмне түрткү болду?
- Саламатсыздарбы? Башында эфир майларын жөн гана ароматерапия үчүн колдончумун. Бирок убакыт өткөн сайын алардын айкалышы өзгөчө жыт жарата аларын түшүндүм. Ошондо бул искусствону өздөштүрүүгө бел байладым.
- Сиз эфир майларынан парфюм жасоону качан баштадыңыз? Бул багытта атайын билим алдыңызбы, же бул жөн гана хоббиңизби?
- Эфир майларынан жыттарды жаратууну бир нече жыл мурун, табигый косметика менен иштеп жүргөндө, баштадым. Алгач бул мен үчүн аябай кызыгып алектенген хобби эле. Өзүм жана жакындарым үчүн тажрыйба жүргүзүп, жыттардын химиясын жана байыркы рецепттерди изилдедим. Андан кийин интуициямды адистик билим менен айкалыштыруу үчүн парфюмерлерден жана ароматерапевттерден билим алдым. Бүгүн бул жөн гана хобби эмес — ишимдин негизги өзөгү.
- Эфир майларынан парфюм жасаганга сизди эмне шыктандырды?
- Эфир майлары тирүү — алардын ичинде өсүмдүктүн энергиясы, мүнөзү, тарыхы жашайт. Синтетикалык заттардан айырмаланып, алар жөн гана жыт чыгарып тим болбостон, эмоцияга, маанайга, ички абалга да таасир этет. Мен жыттардын жөн гана кошумча жасалга катары колдонулбастан, гармония тартуулап, айыктырып, адамды өзүнө кайтаргандай таасир эткенин жараткым келди.
- Иштөө учурунда кайсы майларды эң татаал деп эсептейсиз жана эмне үчүн?
- Мисалы, тубероза же корица — абдан кооз ноталар, бирок алар менен өтө этият иштөө керек. Ашыкча бир эле тамчысы өзүнүн жыты менен бүтүндөй композицияны оңой эле басып кетиши мүмкүн. Айрым майлар бар, мисалы, жасмин самбак же пачули — өтө туруктуу, тыгыз жана каныккан жыттар. Алардан жыт "оор" болуп кетпеши үчүн композицияга балансты сактоо менен кошуу зарыл.
- Сиз жыттын туруктуулугун кантип сыноодон өткөрөсүз жана текшересиз?
- Биз бир нече этап менен тест жүргүзөбүз. Алгач жыт блоттерлерде (жытты текшерүү үчүн колдонулган атайын кагаз тилкелерде) кантип ачыларын сутка жана жума ичинде байкайбыз. Андан соң ар кандай адамдардын терисинде текшеребиз, анткени pH деңгээли (адамдын терисинин кислоталуу-щелочтуу деңгээли), тамактануу жана жашоо образы жытка таасир этет. Ошондой эле ар кандай мезгилде байкап чыгабыз — эфир майлары температурага жана нымдуулукка жараша башкача реакция кылат.
- Жаңы парфюм жасап баштагандар көбүнчө кандай каталарды кетиришет?
- Көп кездешкени – "баарын бир убакта кошкусу" келет. Ар бир майдан бир тамчы кошо беришет да, натыйжада оор, аралаш, идеясы жок жыт чыгат. Дагы бир ката – сабырсыздык: эфир майларынан бир канча жыттуу майларды кошуп парфюм жасаган соң сөзсүз бир канча күнгө тыныктыруу керек. Алар бири-бири менен "достошуусу" керек. Үчүнчү ката – жаратпастан көчүрүүгө аракет кылуу. Жыт – бул жан дүйнөнүн тили, маркетинг эмес. Ошондуктан бирөөнүн жасаганын толугу менен көчүрүп жасабастан, өзүбүз жаратуубуз шарт.
- Азыр эфир майлары менен жасалган парфюмерияда кайсы ингредиенттер же айкалыштар трендде?
- Азыр трендде — жеңил түтүн, жумшак татымалдуулук, табигый сексуалдуулук. Мисалы: сандал менен лаванда жана ваниль, нероли менен шафран, ладан менен грейпфрут. Адамдар маанини, тереңдикти, индивидуалдуулукту издеп жатышат. Ошондуктан ашыкча таттуу жыттардан качып, татаал жана таза жыттарга өтүп жатышат.
- Эфир майларынан жасалган аромат майлар менен парфюмериянын айырмасы эмнеде?
- Аромат майлар — бул эфир майларына негизделген композициялар, алар жыт деңгээлинде гана эмес, психо-эмоционалдык абалга да терең таасир этет. Бул жөн эле жыт эмес — бул терапия, термелүү, энергия.
Ал эми парфюмерия көп учурда образ үчүн, сырткы таасир калтыруу үчүн жаратылат. Ал абдан кооз болушу мүмкүн, бирок ар дайым терапевтикалык таасир бере бербейт.
Эгер сөз табигый жыттар (эфир майларына негизделген парфюмерия) жөнүндө болсо, анда алар жыттын эстетикасына да, ар бир нотага салынган терең мааниге да ээ. Бул жерде жыт гана эмес, аны жыттаганда, дем алганда кандай сезим аларың да маанилүү.
- Табигый парфюм жаратам дегендерге кандай кеңеш берет элеңиз?
- Эң оболу сезимден баштаңыз. "Ушундай болуусу керек" деген эмес, "сезип жатам" деген маанилүү. Өзүңүзгө жакын 5–7 майды тандап, ошолорду негиз кылып алыңыз. Ката кетирүүдөн коркпоңуз. Ар бир ката - жытты тереңден сезүүнү, түшүнүүнү үйрөтөт. Баарына жагуучу эмес, эң негизгиси өзүңүзгө жага турган жытты түзүүгө аракет кылыңыз. Калганы өзүнөн-өзү келет.
- Адам өзүнүн уникалдуу жытын кантип таба алат?
- Жытты мурдуңуз менен гана эмес, жүрөгүңүз менен да угууга үйрөнүү керек. Эгер бир жыт дене боюңузду дүркүрөтсө — ошол сиздики. Уникалдуу жыт дайыма абал, чынчылдык жана "мен ушундаймын" деген сезим менен байланыштуу. Бул жөн гана флакондордон тандоо эмес — бул өзүңүз менен жолугушуу.
- Тамилла айым, кызыктуу жана пайдалуу маек үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Жыттуу эфир майлары
