Дүйнөдөгү "эң боорукер сот" каза болду
Дүйнөгө "эң түшүнүктүү, боорукер, мээримдүү сот" катары таанылган Фрэнк Каприо көз жумду. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, ал 88 жашында уйку безинин рагы менен узак мөөнөттүү күрөшүүдөн кийин каза болду. Анын сот залында жылмайып чечим чыгарган видеолору социалдык тармактарда дайыма миллиондогон көрүүлөрдү топточу.
"Дүйнө жүзү боюнча өзүнүн терең боорукерлиги, жөнөкөйлүгү жана адамдардын жакшылыгына болгон бекем ишеними менен сүйүлгөн сот Каприо сот залындагы иши аркылуу миллиондогон адамдардын жашоосун өзгөрттү. Ал эми адамгерчиликтин үлгүсү катары андан да көп адамдардын жашоосуна таасир этти. Анын жылуулугу, юмору жана ыймандуулугу аны жеке тааныган же анын сөздөрүн уккан ар бир адамдын жүрөгүндө өчпөс из калтырды. Аны сыймыктанчу сот катары гана эмес, сүйүктүү күйөө, ата, чоң ата, баба жана дос катары да эстешет",- деп жазылган билдирүүдө.
Каприо АКШнын Род-Айленд штатындагы Провиденс сотунда дээрлик кырк жыл иштеген. Ал дүйнө жүзүнө залдагы боорукер мамилеси менен таанылган. Анын видеолору сот отурумдары өткөндөн кийин да көп жылдар бою социалдык тармактарда кеңири тарап турган.
Комментарийлерде колдонуучулар кайгыруу сезимдерин билдирип, жеке эскерүүлөрү менен бөлүшүүдө.
