Алайдагы бычак мизинен кыйылган өмүр: Эки шектүү 15-октябрга чейин камалды
Ош облусунун Алай районунда бычакталган үч баланын окуясына шектүүлөр 15-октябрга чейин камалышты. Маалыматты бүгүн, 21-августта Ош облустук сотунун маалымат кызматы SUPER.KG порталына тастыктады.
Маалыматта белгиленгендей, Алай райондук сотунун 15-августундагы токтомдорунун негизинде Алай РИИБинин тергөөчүсүнүн өтүнүчтөрү канааттандырылды.
Анда Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) 2-бөлүмүнүн 5,6,15-пункту менен шектүү М.Э.ге, ал эми Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренеси (Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү), 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) 2-бөлүмүнүн 5,6,15-пункту менен шектүү М.Б.га бөгөт коюу чарасы каралып, экөө тең 15-октябрга чейин камакка алынды.
Айта кетсек, 14-августта Алай районунун Будалык айылында жайгашкан эс алуу жайында үч жаран бычакталып, алардын бири жеринде каза болду. Ал эми экөө оор абалда райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. Каргашалуу окуядан кийин милиция 17 жана 18 жаштагы эки жаран кармалганын билдирди. Жабырлануучулардын жакындары шектүүлөр эс алуучу жайды иштеткен ага-инилер экенин билиришүүдө.
