super.kg logo

Жети-Өгүздө мыйзамсыз менчиктештирилген жерлер мамлекетке кайтарылды

 

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жерлер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдан 2024-жылга чейинки аралыкта Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары тарабынан Кызыл-Суу айылынын жашоочуларына 9 гектар жер тилкесин көп жылдык мөмө-жемиш бактары отургузулган делген шылтоо менен жеке менчикке чыгарылып кеткен. Ушундай эле факт боюнча 2018-жылы Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын кызмат адамдары Жети-Өгүз районунун тургундарынын бирине 8 гектар жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз чыгарып беришкен.

Бирок жеке менчикке өткөн учурдан бүгүнкү күнгө чейин ал жерлерде өнүктүрүү, жакшыртуу боюнча эч кандай иштер жүргүзүлгөн эмес. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө тиешелүү жарандар мамлекеттин жерлерине ээлик кылуусунун мыйзамсыздыгын моюнуна алышып, ыктыярдуу негизде жер тилкелерин Жети-Өгүз районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына кайтарып беришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: