Буканы каналга ыргыта качышкан... Баткенде чек арачылар 3 суткада төрт аткезчилик ишке бөгөт коюшту





Баткен облусунун аймагында акыркы 3 суткада 4 аткезчилик аракети алдын алынды. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, операциялардын жүрүшүндө эки адам кармалып, 9 баш бодо мал жана 64 баш майда малдын чек арадан мыйзамсыз өтүшүнө бөгөт коюлган. Тагыраагы, 20-августта Раззаков айылында 6 баш малын Тажикстанга айдап кирүүгө аракет кылган эки жаран кармалса, 19-21-август күндөрү кыргыз-өзбек чек арасында эки жолу малды мыйзамсыз алып өтүү аракети алдын алынган. Биринчисинде Өзбекстанга 64 кочкор айдап бара жаткан жаран кармалган. Экинчи учурда белгисиз адамдар 2 баш бодо малды чек арадан өткөрүүгө аракет кылып жатканда аларды байкап калган чек арачылардан малдарды таштап качып кетишкен.
21-августта Кулунду чек ара бекетинин жооптуу аймагында 1 баш малды алып өтүүгө аракет кылган аткезчилер чек арачылардан качуу аракетинде малды каналга ыргытып кетишкен. Буканы чек арачылар куткарып калышкан. Кармалгандардын баары жана бодо малдар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.
Ошондой эле 20-август күнү кыргыз-тажик чек арасындагы Лейлек чек ара отрядынын карамагындагы тилкеден LADA үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынган. Натыйжада унаадан 480 банка GORILLA энергетикалык суусундугу салынган 20 блок табылган. Айдоочу ташылып жаткан жүккө уруксат кагазын көрсөтө алган эмес. Бул чек ара жана бажы мыйзамдарын бузуу болуп саналгандыктан ага карата тиешелүү протокол түзүлгөн. Андан соң шектүү жана контрабандалык жүк милиция кызматкерлерине кошумча иликтөө жана мыйзам чегинде чечим кабыл алуу үчүн өткөрүлүп берилди.
