Жумгалда мыйзамсыз сатылып кеткен ЖЭБдин жери мамлекетке алынды




Нарындын Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы ЖЭБке тиешелүү 2,98 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат СССР учурунда кубаттуулугу 52 Гкал/саат болгон жылуулук электр борбору мурдагы "Оргтехника" комбинатынын өндүрүштүк объектилерин, ошондой эле Миң-Куш айылындагы социалдык жана турак жай объектилерин жылуулук менен камсыз кылып турганын белгиледи. Жылытуу үчүн отун катары күрөң көмүр колдонулган.
Аталган ЖЭБ 1994-жылы "Оргтехника" заводунун иши токтотулгандан кийин катуу отундун жана күйүүчү-майлоочу каражаттарынын жетишсиздигине байланыштуу Нарын электр тармактар ишканасынын (НЭТИ) балансына өткөрүлүп берилген. 2001-жылы ошол эле Нарын электр тармактар ишканасы тарабынан талап кылынбагандык шылтоосу менен "мурдагы Миң-Куш ЖЭБинин талап кылынбаган мүлктү акысыз өткөрүп берүү жөнүндө" келишиминин негизинде "Электротехсервис-ТАТ" ЖЧКсына өткөрүлүп берилген. Анын директору Жумгал районунун Чаек айылынын Р.Т. аттуу тургуну болгон.
Келишимдин шарттарына ылайык, "Электротехсервис-ТАТ" ЖЧКсы 2005-жылга чейин ишкананы калыбына келтирүү жана 15ке чейин жумушчу орундарын түзүү менен ЖЭБти ишке киргизүү үчүн 20 миллион сомдук көлөмдө инвестиция тартууга милдеттенген. Ошондой эле келишимде өз милдеттерин аткарбаган учурда "Электротехсервис-ТАТ" ЖЧКсы объектини мамлекетке кайтарып берүүгө милдеттүү болгон.
Бирок 2023-жылдын февраль айында "Электротехсервис-ТАТ" ЖЧКсы алган милдеттенмелерин аткаруунун ордуна алып-сатуу келишиминин негизинде ЖЭБти Миң-Куш айылынын Т.Т. аттуу тургунуна сатып жиберген.
Ошентип ЖЭБдин жабдууларынын бир бөлүгү "Электротехсервис-ТАТ" ЖЧКсынын балансында турган мезгилде сатылып, айрым мүлктөрү жергиликтүү тургундар тарабынан таланып кеткен. Натыйжада Миң-Куш айылындагы ЖЭБтин жер тилкеси тиешелүү актынын негизинде Миң-Куш айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилди.
21.08.25.
