Олимпиада чемпиону Хелиф гендердик жаңжалдан кийин боксту таштады
Париждеги XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарында бокс боюнча кыз-келиндер арасында алтын медаль уткан алжирлик Иман Хелифтин мурдагы менеджери Нассер Йесфах спортчу гендердик жаңжалдан кийин боксту токтотконун айтты.
"Иман бокс дүйнөсүнөн кетти. Азыр ал баарынан баш тартты. Олимп оюндарында болгон окуядан кийин ал кайра машыгууну да баштаган жок жана бокска дагы аралашпайт", - деген ал Nice-Matin басылмасына берген маегинде.
Буга чейин Иман Хелиф 2028-жылы Лос-Анжелесте (АКШ) өтө турган Олимпиадага катышууга даяр экенин билдирген болчу.
Эске салсак, Парижде өткөн Олимпиада оюндарында Иман Хелифтин жынысына байланыштуу жаңжал чыккан. Анда атаандашы италиялык Анжела Карини алжирлик мушкердин өтө эле күчтүүлүгүн айтып, беттештен баш тарткан. Интернетте "Халиф спорттук көрсөткүчтөрүн жакшыртуу үчүн жынысын өзгөрткөн" деген айыптоолор тарай баштаган.
