Трамп АКШнын Улуттук гвардиясы менен Вашингтондун көчөлөрүнө рейдге чыкты
АКШ президенти Дональд Трамп кечээ, 21-августта Улуттук гвардия менен бирге Вашингтондун көчөлөрүнө чыгып, кылмыштуулук менен күрөшүү иштерине катышты.
Чет элдик ЖМКлардын маалыматы боюнча, америкалык лидер полицияны жана аскерлерди өлкөдөгү кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө кошкон салымы үчүн мактады.
"Мен эч качан Вашингтондо жасагандарыбыз үчүн мынча ыраазычылык уккан эмесмин. Төрт жылдан бери ресторанга барбаган адамдар: "Сиздер кылган нерсе - мурда болуп көрбөгөндөй” деп жатышат. Бул силерге чоң урмат-сыйдын белгиси",- деди Трамп полицияга кайрылуусунда.
Трамп бир нече багыттар боюнча билдирүү жасады
- Көчөдө патруль учурунда Трамп өзүнөн козголгон жалган иш боюнча 550 миллион доллар уурдалганын айтты. Бул айтканы менен ал болжолдуу түрдө, Trump Organization компаниясынын каржылык документтерди бурмалоосу боюнча ишти эске алган. Бул иш порножылдыз Сторми Дэниелске төлөм боюнча козголгон болчу. Бирок Трамп соттун чечими жокко чыгарылганын белгиледи.
- Мындан тышкары, Трамп Ак үйдө жаңы салтанат өтүүчү зал курулуп жатканын билдирди. "Мен Ак үйдө салтанат өтүүчү зал куруп жатам. Бул тууралуу алар 150 жылдан бери кыялданып келишкен. Биз аны эң мыкты зал кылабыз",- деди ал.
- Трамп АКШнын жасалма интеллект жаатындагы жетишкендиктерин да белгилеп өттү жана бул тармакта Кытай менен атаандаша аларын айтты.
"Буга чейин биз кытайлык жасалма интеллект менен атаандаша алмак эмеспиз, азыр болсо биз бул жарышта эч шексиз алдыдабыз. ЖИ - бул өтө олуттуу маселе, акыркы 35-40 жылдагы эң маанилүү технология. Биз атаандаштыкка жөндөмдүү болуш үчүн электр энергиясын эки эсе көбөйтүүбүз керек",- деп билдирди Трамп.
- Президент энергетика тармагындагы өзгөрүүлөр боюнча да пикирин билдирди. Ал мунай жана газ менен иштеген жеке электр станциялары көбөйүп жатканын, бирок шамал энергиясына кайтып барбоону сунуштады.
"Азыр курулуп жаткан чоң заводдордун баары өзүнүн электр станцияларын куруп жатат - бирок шамалга эмес, мунай жана газга негизделген. Шамал энергиясы абдан кымбат, ошондуктан биз кайрадан казылып алынуучу отунга кайтабыз",- деди сөзүн жыйынтыктап.
Буга чейин 12-августта Вашингтондогу кылмыштуулукка каршы күрөшүү үчүн АКШнын Улуттук гвардиясынын аскерлери шаарга келген. Алар жогорку даярдыкта турганы жана мүмкүн болуучу кагылышууларга даяр экени айтылган.
