super.kg logo

Египетте байыркы шаарлардан табылган айкелдердин көргөзмөсү ачылды

 

Кечээ, 21-августта Египеттеги Александрия шаарынын жана Жер Ортолук деңизинин жээгинде мурда чөгүп кеткен байыркы Канопус шаарын кооздогон айкелдерди суудан көтөрүп чыгышты.

Дүйнөлүк маалымат агенттиктери кабарлагандай, бейшемби күнү суудан төрт бөлүкчөлөрү сакталган айкелди алып чыгышты.

Египеттин туризм жана байыркы эстеликтер министрлиги Шариф Фатхи: "Суунун астында дагы көп нерсе бар, бирок биз чектелген сандагы гана артефакттарды ала алабыз, аны да конкреттүү материалдардан жана катаал критерийлерге ылайык алабыз. Калганы чөгүп кеткен мурас болуп кала берет",- деди.

Канопустун жана коңшу Гераклион портунун суу алдындагы калдыктары Александриянын чыгыш жээгиндеги Абу-Кир булуңунда 1992-жылы табылган. Бирок AFP агенттигинин маалыматы боюнча, Канопустун артефакттары 24 жылдан кийин алгачкы жолу суудан чыгарылууда.

Египеттик археологдор түшүндүргөндөй, суунун астында храмдардын жана турак үйлөрдүн, дүкөндөрдүн жана устаканалардын калдыктары, суу топтоо жана балыктарды багуу үчүн казылган таш бассейндер, падышалардын жана сфинкстин айкелдери, ошондой эле Птолемеиддер жана Рим империясы доорундагы адамдардын фигуралары сакталып калган.

20-августта Александриянын Улуттук музейинде Канопус, Гераклион, Александриянын борборуна жакын суу астындагы падышалык райондон жана башка жерлерден табылган 84 артефакттын көргөзмөсү ачылган.

Ал эми илимпоздордун баамында, Канопус менен Гераклион болжол менен 800 жыл бою гүлдөп-өнүккөн, Александр Македонскийдин шериги Птолемей Египетти башкарганга чейин жана Батыш Рим империясынын кулашына чейин жашап келген.

Андан кийин, кылымдар бою жер титирөөлөр жана топурактын чөгүшү Жер Ортолук деңизинин Нил дельтасындагы ушул жана башка шаарларды сууга батырган.

AFP агенттигинин маалыматы боюнча, учурдагы Александрия шаары да бир нече жылдын ичинде байыркы мурастардын катарына кошулушу мүмкүн.

Бириккен Улуттар Уюму аталган шаар жылына үч миллиметрден ашык чөгүп жатканын, климаттын өзгөрүшү жана деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү менен 2050-жылга карата шаардагы дээрлик алты миллион адамдын үчтөн бири суу астында калаарын же шаар толугу менен жок болуп кетиши мүмкүн экенин айтууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: