АКШда жүк ташуучу унаанын айдоочуларына жумуш визаларын берүү убактылуу токтотулду
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио өлкө бийлиги коммерциялык жүк ташуучу унаалардын чет элдик айдоочуларына жумуш визаларын берүү токтотулганын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Х социалдык тармактагы баракчасында жазды.
Рубионун айтымында, АКШнын жолдорунда чоң жүк ташуучу автоунааларды айдап жүргөн чет элдик айдоочулардын санынын өсүшү америкалыктардын коопсуздугуна коркунуч туудуруп, жергиликтүү жүк ташуучу айдоочулардын жашоосуна терс таасирин тийгизүүдө.
Август айында АКШга кирүү визаларын алуу үчүн айрым чет өлкөлүк жарандарга кошумча 15 миң доллар кепилдик төлөм талап кылынышы тууралуу кабар берилген.
Бул кепилдик чет элдик жаран АКШдан өз убагында чыкканда толугу менен кайтарылат. Кепилдик суммасы конкреттүү шарттарга жараша 5 миң, 10 миң же 15 миң доллар болушу мүмкүн.
Ошондой эле июнда АКШ бийлиги студенттик визаларды кайра баштоо ниетинде экенин билдирген, бирок визаны алуу үчүн арыз берүүчүлөрдөн социалдык тармактардагы профилине мамлекеттик органдар тарабынан текшерүү үчүн мүмкүнчүлүк берүү талап кылынат.
